ГИГИЕНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИГИЕ́НА (гр. hygieinоs – тазалык, дени соо) – медицинанын айлана-чөйрө м-н эмгек шартынын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин изилдөөчү ж-а калктын турмуш-тиричилик шартына ылайык ил. негизделген талаптарды иштеп чыгуучу тармагы. Ал – адамдын дайыма өзгөрүп туруучу турмуш-тиричилигин камтыган ар тараптуу илим. Г. илим катары байыртадан белгилүү болсо да, Г. 19-к-дын 2-жарымынан илим катары өнүгө баштаган. Анын негиз салуучулары – немец окумуштуусу М. Петтенкофер. Россияда А. П. Доброславин ж-а Ф. Ф. Эрисман эсептелет. Г-нын негизги милдеттери: алдын алуучу ж-а күндөлүк санит. көзөмөлдүн ил. негиздерин иштеп чыгуу; калктуу жерлердин санит. абалын, о. эле адамдын эмгек ж-а эс алуу шарттарын жакшыртуу; бала ж-а өспүрүм ден соолугун сактоо; калк жыш жайгашкан жерде ж-а өнөр жай ишканаларында аба, суу, тамак-аш продуктулары ж. б. үчүн Г-лык нормативдерди (ченемдерди) иштеп чыгуу. Г. эмгек, коммуналдык, авиац., балдардын ж-а өспүрүмдөрдүн, аскер, космос, темир жол, транспорт Г-сы ж. б-га бөлүнөт. Коммуналдык Г. айлана-чөйрө факторлорунун калктын саламаттыгына ж-а санит. турмуш шарттарына тийгизген таасирин изилдеп, атм-дагы абанын, суунун ж-а суу м-н камсыз кылуунун тазалыгын, көлмөлөрдү санит. коргоонун, калк отурукташкан жерлерди, турак-жай ж-а коомдук имараттарды тазалоонун санит. эрежелерин, Г-лык негиздерди, нормативдерди иштеп чыгат. Ал химия, физиология, токсикология, микробиология, эпидемиология ж. б. илимдердин ыкмаларын колдонот. Бала ж-а өспүрүмдөр Г-сы балдар мекемелеринде, кесиптик-тех. окуу жайда, мектепте эмгек процесстерин, окуу-тарбия иштерин жөнгө салууга жардам берүүчү Г-лык сунуштарды иштеп чыгат, балдар м-н өспүрүмдөрдүн ден соолугун коргоо ж-а чыӊдоо маселелерин изилдейт. Сырткы чөйрөнүн зыяндуу факторлору (хим., физиол., биол. ж. б.) адамдын организмине түздөн-түз же кыйыр (суу, аба, топурак, тамак азыктары аркылуу) таасир этип, аны ар түрдүү ооруга чалдыктырат. Ошондуктан Г-лык эрежелер ж-а нормативдер, айрыкча зыяндуу факторлор кездеше турган мекемелерде, өнөр жайларда так аткарылып, дайыма санит. көзөмөлдө болушу чоӊ мааниге ээ. Ден соолукту сактоо системасында бул ишти мамл. санитария-эпидемиол. көзөмөлдөө борборлору жүргүзөт.