БАШ-КАЙЫӉДЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 19 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШ-КАЙЫӉДЫ – Нарын облусунун Ат-Башы районундагы кыштак. Ача-Кайыӊды айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Ат-Башы кыштагынан 10 километр чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 257 километр аралыкта 1932-жылы орношкон. Деӊиз деӊгээлинен 2140 метр бийиктикте. Калкы 4516 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт, китепкана, клуб, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Кыштакта Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов туулган.