ЖЫЛМАЛОО
ЖЫЛМАЛОО – 1) абразивдүү аспаптардын жардамы менен материалдын (металл, жыгач, таш жана башкалар) бетин күзгүдөй жалтыратып иштетүү. Металл кийизден же кездемеден жасалып, бетине жылмалоочу паста сүртүлгөн жумшак айланма тегерек, кайрак, өгөө жана башкалар менен жылмаланат. Айрым учурда электролиздик жылмалоо (электролиздин жардамы менен) колдонулат. Жыгачтын бетине жылмалоочу тунук смола (политура) сүйкөлүп, вена акиташы менен күзгүдөй кылып жалтыратылат. Ташты жылмалоодо (шлифовкалоодон кийин) нымдалган тегерек кийиз менен күкүмдүн (мисалы, калай кычкылы) ичке агымын берүү аркылуу иштетилүүчү бет сүртүлөт. Бул иш жылмалоочу станокто, электр аспаптары, кээде кол менен жүргүзүлөт. Жылмалоо металл иштетүүдө кеңири таралган. Жыгач менен ташты иштетүүдө, адегенде алардын бети жылмаланып, андан кийин сырдоо, лак жабуу, жалтыратуу иштери аткарылат; 2) жыгачтын тышкы түрүн жакшыртуу жана атмосферанын таасиринен сактоо үчүн бетин политура менен каптоо.