КАЗАК ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:52, 31 Июль (Теке) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАК ТИЛИказактардын тили. Казакстан Республикасынын мамлекеттик тили. Түрк тилдеринин кып­чак тобуна кирет. Казак тили түндүк-чыгыш диалекти­нин негизинде калыптанган. Жазма эстеликте­ри 19-кылымдан башталган. Казак тилинин негизги өзгөчө­лүктөрү: жалпы түрк тилдеринен «ч» тыбы­шынын ордуна «ш» тыбышы (мис., кач – каш), «ш» тыбыштын ордуна «с» тыбышы (мис., кыш – кыс ж. б.); «й», «дж», «с», «ч» тыбыш­тарынын ордуна «ж» тыбышы (йук – жок, суоz, чоz – жоz) колдонулганы менен айырмаланат. Казак тили адегенде араб, кийин латын алфавитинде бол­гон. 1940-жылдан орус графикасындагы алфа­витке өткөн. Казак тили Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөн­стан, Россия мамлекеттеринин айрым аймак­тарына жана Кытай, Моңголия, Иран, Афган­стан, Пакистан, Түркия сыяктуу чет өлкөлөргө тараган. Казак тилинде сүйлөгөндөрдүн жалпы саны 13 миллионго жакын (2009). Морфологиялык жагынан кыр­гыз тилине окшош. Синтаксистик өзгөчөлүгү боюнча Казак тилинде атоочтук жана чакчыл түрмөктөрдүн негизинде уюшулган сүйлөм конструкциялары кеңири колдонулат. Жөнөкөй жана татаал сүйлөмдүн компоненттеринин ортосундагы бай­ланыш чектелген. Казак тилинин лексикалык туту­мун жалпы түрк сөздөрүнүн катмары жана аз сан­дагы араб, тилинен өздөштүрүлгөн сөздөр түзөт. Совет мезгилде орус жана европалык тилдерден көп сөз кирген. Адабий тили 15–19-кылымда калыпта­нып, адабий тилинин негиздөөчүсү Абай Кунан­баев болгон.