ГИДРОГРАФИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОГРА́ФИЯ (гидро… ж-а …графия) – гидрологиянын бир тармагы. Ал экиге бөлүнөт: 1) к у р г а к т ы к г и д р о л о г и я с ы н ы н Г-сы айрым суу объектилеринин (дарыя, көл, суу сактагыч) алган ордун, физ. геогр. шарттарын, көлөмү м-н режимин, пайдалануу жолдорун ж-а адамдын тийгизген таасиринен алардын режиминин өзгөрүшүн изилдеп, мүнөздөйт. 2) о к е а н о л о г и я Г-сы океандарга жүргүзүлгөн байкоолорго мүнөздөмө берилет. Дүйнөлүк океандын гидрометеорол. режими м-н геодезиялык талаалары, жээк түзүлүштөрү, океан м-н деӊиз түптөрүндөгү кыртыштар ж-а алардын рельефинин динамикасы изилденет. Г. 18-к-дын 1-жарымында Россияда (1718), Францияда (1720), Улуу Британияда (1737) башталган.