ИБРАЕВ Эсенгул
ИБРАЕВ Эсенгул (16. 3. 1934, Нарын облусу, Нарын району, Чет-Нура айылы – 5.7. 2005, Бишкек) – Кыргыз эл акыны (2003). КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1994), КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2007).

Нарын педагогикалык окуу жайын (1952), КМУнун журналистика факультетин (1961) бүтүргөн. 1961–87-жылдарда «Чалкан» журналында адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу секретарь, башкы редактордун орун басары, башкы редактор болуп иштеген. Ырлары ж-а сатиралары 1952- жылдан жарыялана баштаган. «Бөбөгүм» аттуу туңгуч ыр жыйнагы 1964-жылы жарык көргөн. «Таң шоокуму» (1970), «Закымдар» (1979), «Эңсөө» (1981), «Белес» (1984), «Мөмөлүү дарак» (1985), «Дабан» (1994) ж. б. 20дан ашык китеби чыккан. «Таң шоокуму», «Ичиң күйсө» ж. б. сатиралык ыр жыйнактарында кызмат абалынан кыянаттык м-н пайдаланган мансапкорлорду, жегичтерди, эки жүздүү кошоматчыларды сынга алган, тамсилдеринде образ түзүү үчүн каймана ыкманы чебер пайдаланган. «Эсенгулдун ырлары» жыйнагындагы «Керкашка менен Суркашка» тамсилинде шайлоо темасына кайрылган. Ибраев балдар адабиятында да жемиштүү эмгектенип, бир нече китеби жарык көргөн. Ибраевдин поэзиясы тилинин жатыктыгы, ыргактуулугу, ойдун тереңдиги м-н айырмаланат. Ал А. Фет, В. Маяковский, Р. Гамзатов, К. Кулиев, Е. Винокуров ж. б. акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон. Анын айрым чыгармалары немис, поляк, орус, украин, казак, өзбек, түркмөн тилдерине которулган. Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчиктин (Женева) алтын медалы м-н сыйланган (2006). Нарын шаарындагы мектепке ысмы берилген.