ИБРАИМОВ Анатай
ИБРАИМОВ Анатай (3. 2. 1948, Талас облусу, Киров (азыркы Манас) району, Чет-Дөбө айылы – 25. 2. 1989, ошол эле жер) – спортчу, жеңил атлетика боюнча Кыргыз ССРинин 15 жолку чемпиону, СССР спортунун чебери (1969). КМДТИни бүтүргөн (1972). Талас облустук спорт комитетинин төрагасынын орун басары (1983), Токтогул ж-а Манас райондорунун (1986) спорт комитеттеринин төрагасы болуп иштеген. Ибраимов негизинен 1500, 3000, 5000 м аралыктарга чуркоого катышкан. Индиядагы эл аралык мелдеште алтын медалга (1973), СССР элдеринин спартакиадасында 5000 м аралыкка чуркоодо коло медалга (1979) ээ болгон.