ЖАҢЫЛМАЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:20, 10 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫЛМАЧ – айтууга кыйын болгон уйкаш муундардын, сөздөрдүн туташ келишинин не­гизинде түзүлүп, ылдам айтканда жаңылып, сөз­дү так айта албай кала турган сөз тизмектери; фольклордук күлкүлүү чакан жанр. Тыбыштар­дын окшоштугу – жаңылмачтын айныбас композиция­лык принциби. Ошондуктан жаңылмачта көркөм сөздөгү добуштук окшоштуктарды жаратуучу аллитерация, ассонанс, анафора, тавтология, эвфо­ния, рифма, редиф сыяктуу формалар жыш учу­райт. Ал айтылышы үндөш тыбыштардан тур­ган сөз тизмектеринен атайын курулуп, жаш муундарды өз эне тилинде так ж-а уккулуктуу сүйлөөгө, чечендикке, көркөм сөздү кастарлоо­го тарбиялайт.