ИЗОЛЯТОР (электр тогун бөлүү)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:37, 14 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗОЛЯ́ТОР (фр. isolateur, isoler – бөлүү, ажы­ратуу) – электр тогун такыр өткөрбөгөн же на­чар өткөргөн материал. Изоляторго кургак аба, айнек,

фарфор, слюда, айрым майлар кирет. Өткөр­гүчтөрдөн айырмаланып, изолятордо заряддарды эр­кин алып жүргүчтөр жок болгондуктан, ал ар­кылуу ток өтпөйт. Бирок, изоляторго өтө чоң чыңа­луу берилсе, ток өтүшү да мүмкүн, бул айрым учурда материалдын жараксыз болушуна алып келет. Токтун же заряддын коромжу болушун азайтуу үчүн изолятор электр өткөргүчтөрүн каптоо же ажыратуу үчүн колдонулат. Ал диэлектриктен ж-а байланышчу арматурадан турат. Фарфор же айнек изолятор электр өткөргүчтөрүнүн аба линияла­рында; резина же пластмасса изолятор кадимки кабел­дерди каптоо үчүн; кремний диоксидинен жасал­ган плёнкалар конденсатор ж-а интеграл схе­маларын даярдоодо диэлектрик материал ката­ры колдонулат. Ал эми радиотехникалык түзүлүштө ж-а жогорку жыштыкта иштөөчү курулмаларда орнотулган изолятор стеатит, ультрафарфор өңдүү ди­электрик материалдардан жасалат. Жаан-чачын жааганда изолятор электр тогун өткөрүп жибериши мүмкүн. Муну болтурбоо үчүн изолятордун бети татаал формада жасалат. Чыңалуусу 6дан 35 кВко че­йинки электр линияларында казык түрүндөгү, ан­дан көп чыңалууда гирлянда, үстү ачык бөлүш­түргүч түзүлүштөрдө казык түрүндөгү таянычтуу изолятор, ал эми жогорку чыңалууда өткөөл изолятор колдо­нулат.