ГИДРОТЕХНИКАЛЫК МЕЛИОРАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОТЕХНИКАЛЫК МЕЛИОРА́ЦИЯ – жердин суу режимин жакшыртууга багытталган чаралар системасы. Г. м-нын сугат, кургатуу, какыр, суусу жетишсиз талаа ж-а жарым чөлдүү аймактарда – суу жеткирүү, жерди шордон арылтуу, топурак эрозиясына каршы күрөшүү, дарыя суусун ж-а нугун жөнгө салуу, агын сууну сугатка пайдалануу сыяктуу түрлөрү бар. Г. м-ны пайдалануунун натыйжасында сугат жерде а. ч. өсүмдүгүнүн түшүмү, мис., дан эгини 1,5–2 эсе, тоют өсүмдүгү 4–5 эсе көбөйөт. Г. м. агротокой мелиорациясы, хим. мелиорация, а. ч. өндүрүшүнүн табигый шартын жакшыртуу б-ча мындан башка жумуштарга айкалыштырылат. Г. м. жумуштарын аткаруу үчүн плотина, дамба, суу сактагыч, суу бөлгүч, канал курулуп, суу түтүктөрү орнотулат, шахта ж-а артезиан кудугу казылып, көлмө жасалат, суу нугу тереӊдетилип, жээги кырдалат. Суу эрозиясынан сактануу үчүн эӊкейиш жерге арык ж-а суу токтотуучу жол салынып, тектирленет, артык баш суу агуучу арык тартылат. Г. м. жер үстүндөгү ж-а жер алдындагы суу режими м-н ресурстарына байланыштуу. Ошондуктан ал гидроэнергетика, суу м-н камсыз кылуу, суу транспорту, балык өстүрүү м-н шайкеш жүргүзүлөт.