ИМАНАЛИЕВ Мусалы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:52, 19 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМАНАЛИЕВ Мусалы (1922‚ Чүй облусу‚ Аламү­дүн району‚ Беш-Күнгөй айылы – 2004, ошол эле жер) – экономика илимдеринин доктору (1991)‚ профессор, КМПИни (1941)‚ Москва эл чарба институтун (1949)‚ Кыргыз CCР ИА ЭИнин аспирантурасын (1960) бүткөн. Кыргыз CCР телекөрсөтүү ж-а радио уктуруу комитетинде жооптуу секретарь (1945), Кыр­гыз ССР мампланда улук экономист (1949–50), Кыргыз CCР соода министрлигинде экономист‚ сектор башчысы (1950–52)‚ 1992-жылдан Кыр­гыз CCР ИА ЭИде илимий кызматкер болуп иште­ген. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучу­су. Ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган.

Эмг.: Основные фонды и резерв роста производства. Ф.‚ 1966; Энергетические ресурсы Киргизии. Ф.‚ 1970; Проблема освоения энергетических ресурсов Киргизии. Ф.‚ 1966.