ГИМН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИМН – салтанаттуу ыр. Тарыхта мамл., рев-ялык, аскердик, диний, тарыхый окуялар м-н баатырларга арналган Г-дер белгилүү. Байыркы Грекияда Г-дер кудайлардын урматына жазылган. Б. з. ч. 7–5-к-да Алкей, Алкман, Пиндар сыяктуу акындар Г. жазган. Алардан бизге «Г.» деген ат м-н эпикалык баяндоо түрүндөгү ыр-чыгармалар келип жетти. Француз рев-ясы жаӊы рев-ячыл Г-ди («Марсельеза»), рев-ячыл пролетариат өз Г-ин («Интернационал») жараткан. «Интернационал» 1944-ж-дын 1-январына чейин СССР мамл. Г-и болуп келди. СССРдин кийинки Г-и 1944-ж. жазылган ж-а 1977-ж. кайрадан редакцияланган (сөзү С. Михалков м-н Г. Эль-Регистандыкы, музыкасы А. В. Александровдуку). Г. жанры хор, опера ж-а симфония чыгармаларында да учурайт. Бардык мамлекеттердин өздөрүнүн Г-дери бар. СССРдин курамында турганда Кыргыз ССРинин да мамл. Г-и (тексти А. Токомбаевдики, музыкасы А. Малдыбаев, В. Ференики) болгон. Эгемендүү Кыргыз Республикасынын мамл. Г-и 1992-ж. 18-декабрда кабыл алынгаfн, к. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.