ВАСИЛИЙ БЛАЖЕННЫЙ ХРАМЫ
ВАС́ИЛИЙ БЛАЖ́ЕННЫЙ ХРАМЫ (эски аты – Покровский собору) – орус арх-расынын эстелиги. Казан хандыгын багындыргандын урматына 1555–61-ж. Москвада Соода аянтына (азыркы Кызыл аянт) тургузулган. Керегеси бышык кыштан, таманы ак таштан салынган. Арх. Барма ж-а Иван Яковлев (ылакап аты – Постник). Храм өз мезгилиндеги курулуш өнөрү б-ча эӊ мыкты үлгүлөрдөн болуп саналат. Борб. бийик храмга мунара түрүндөгү 8 храм курчай салынган. Азыр ал тарых музейинин филиалы. Кызыл аянттагы объекттердин катарында Бүтк үл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.