ГИППОКРАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИППОКРА́Т (б. з. ч. 460, Кос а. – б. з. ч. 377, Фессалия) – байыркы грек врачы. Мед. билимди атасы Гераклидден алган. Ал көп өлкөлөрдү кыдырып, Кичи Азия, Ливияда, Кара деӊиз жээктеринде, Азия ж-а Египетте болуп, элдик медицина м-н таанышкан. Г-тын негизги эмгектери аба, суу ж-а чөйрөгө, катуу ооруда диета кармоого, сыныкка, баштын жараатына арналган. Ал медицинаны диндин таасиринен бошотуп, анын өз алдынча илим катары өсүшүнө жол ачкан. Г. оорулууну дарылоодо организмдин жеке өзгөчөлүгү м-н айлана-чөйрөнүн шартына көӊүл бурган. Адамдын ооруга чалдыгышын Кудай жиберген, табияттан тышкары күчтөр пайда кылат деп эсептеген агымга каршы болуп, оорунун этиологиясы ж-дө түшүнүктү айткан. Оорунун өрчүшүнүн негизги стадиясын, диагноз коюу маселесин иштеп чыккан. Ал көрүнүктүү хирург катары да белгилүү болгон. Сыныкты, чыккан жерди, жараатты таӊуу, геморрой ж. б. дарттарды дарылоо жолдорун иштеп чыккан. Врачтардын «Гиппократ анты» деп аталган антын жазган. Г-ты «медицинанын атасы» деп аташат.
Чыг.: Избранные книги/Пер. с греч. М., 1936.