ГИСТЕРЕЗИС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИСТЕРЕ́ЗИС (гр. hysttresis – артта калуу, кечигүү) – нерсенин абалын мүнөздөөчү физ. чоӊдуктардын өзгөрүшүнүн сырткы шарттарды аныктоочу башка физ. чоӊдуктардын өзгөрүшүнөн кечигип артта калышы. Г. түрдүү шарттарда ж-а ар кандай физ. процесстерде байкалат. Анткени нерсенин абалын өзгөртүү үчүн кандайдыр бир убакыт талап кылынат. Г. кубулушунун маанилүү түрлөрү (диэлектрдик, магниттик, серпилгичтүү Г.) бар. Магниттик Г. магнит материалдарда, мис., ферромагнетикте, диэлектрдик Г. демейде сегнетэлектриктерде, мис., барий титонатында, ал эми серпилгичтүү Г. же деформациянын Г-ке көз карандылыгы бардык реалдуу материалга чоӊ мех. таасир болгондо байкалат.