ГЛИЦЕРИДДЕР
ГЛИЦЕРИДДЕР, а ц и л г л и ц е р и д д е р – глицериндин ж-а орг. же минералдык к-талардын татаал эфирлери. Молекуласындагы к-талык калдыктын санына жараша моно-, ди- ж-а триглицериддер болуп бөлүнөт. С4 – С18 көмүртек атомдорун кармаган карбон к-тасынын триглицериддери өсүмдүк ж-а жаныбар майларынын негизги курамдык бөлүгүн түзөт. Моноглицериддер триглицериддердин глицерин м-н аракеттенишүүсүнөн алынат. Курамында C2–C4 көмүртектүү карбон к-таларынын триглицериддери, мис., триацетин, трипропионин, трибутирин тиешелүү к-талардын глицерин м-н аракеттенишүүсүнөн алынат ж-а глицериндин хлорангидридине май к-таларынын туздарын таасир этүү м-н синтезделет. О. эле глицериндин хлоргидриди м-н карбон к-таларынын туздарынын (щелочтуу металлдар) аракеттенишүүсүнөн да алынат. Орг. эмес к-талардын Г-инен азот к-тасынын триглицериди – нитроглицерин чоӊ мааниге ээ. Г. косметикада, дары-дармектерди жасоодо, текстиль, кагаз өнөр жайында, глицеринди ж-а карбон к-таларын алууда колдонулат. Г. кагаз, була жылмалоочу каражаттардын курамына кирет, ири мол. массалуу карбон к-таларын ж-а самын алууда сырьё болуп саналат. Кичине мол. массалуу карбон к-таларынын Г-и целлюлоза эфирлеринин пластификаторлору, кээ бир чайырлардын, целлюлоза эфирлеринин эриткичтери болуп саналат.