ГРАВЮРА
ГРАВЮ́РА (фр. gravure) – графика иск-восунун бир түрү; металл, тактай ж-а пластинкага оюп түшүрүлгөн сүрөт үлгүсүнүн кагазга басып чыгарылышы. Графиканын бул бөлүгүнө тиешелүү өзүнчө көркөм өнөр чыгармасы да Г. деп аталат. Өткөн мезгилдерде анын оюлуп жасалуучу тех. бөлүгү атайын усталар тарабынан даярдалган. Тактаны тазалоодон баштап, бүт иш сүрөтчүнүн өз колу м-н аткарылат. Ал адатта живопись чыгармаларын ар кандай деӊгээлдеги тактыкта кайталайт. Керектелиши б-ча Г. негизинен станоктук ж-а китептик болуп бөлүнөт. Г-ны аткаруунун негизги баскычтары: кагазга тартылган сүрөттү тактанын бетине кото-

руп түшүрүү, гравирлөө ж-а басмалоо. Г. техникасы негизинен гравирлөө ыкмасына карай көп түрлөргө ажыратылат: меццо-тинто, «кургак ийне», офорт, жумшак лак, акватинта, резерваж, ксилография, линогравюра, таштагы гравюра ж. б. Г-нын негизги материалдары – металл (коло, цинк, болот), жыгач (самшит, пальма, алмурут ж. б.), линолеум. Г. тактасынын үстүн тазалап даярдоо мех. каражаттардын, б. а. металлдан жасалган шаймандардын жардамы м-н жүргүзүлөт. Алар: штихель, чегүүчү ийне, атайын бычак, качалка, шабер ж. б. же кислота м-н күйгүзүү жолу. Кээде мех. ыкмадагы тазалап даярдоону да Г. техникасы деп аташат, ал эми кеӊири маанисинде – хим. ыкмалар офорттун өз алдынча тармагы катары колдонулат. Иштелип бүткөн тактанын үстүндөгү оюктар басылманын ак бөлүктөрүнө дал келсе, Г. томпок, ал эми кара бөлүктөрүнө туш келсе, тереӊдетилген Г. деп аталат. Томпок Г-га мурда өбүнчө жыгач пайдаланылса, азыр негизинен линолеум, кээде пластмасса колдонулат. Алгачкы жыгач Г-сы 6-к-дын аягында Кытайда, 14-к-да Батыш Европада, 16-к-да Россияда пайда болгон. 15-к-да Нидерландда ж-а Германияда китеп басуу ишинде колдонула баштаган. 17-к-да металлга оюп түшүрүү, 18-к-да түстүү Г. кеӊири тараган. 15–18-к-да Г. иск-восунун ажайып үлгүлөрүн жараткан чеберлер: А. Дюрер, Рембрандт, Ф. Гойя, И. Е. Репин, А. Т. Остроумова-Лебедева, В. А. Фаворский, И. А. Соколов ж. б. Кыргыз Г-сын өнүктүрүүдө Л. А. Ильина, Б. Жумабаев ж. б. эмгектенишкен.