ГИГРОМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИГРОМЕ́ТР (гигро… ж-а …метр) – абанын нымдуулугун өлчөөчү прибор. Түрдүү принциптердин негизинде иштөөчү бир нече түрү бар: с а л м а к т ы к (абс.), к ы л д у у (чач), п л ё н к а л у у, к о н д е н с а ц и я л ы к, э л е к т р о л и т т и к Г. ж. б. Метеорологияда көп колдонулуучу кылдуу Г-дин иштөө принциби адамдын майсыз бир тал чачы өз узундугун аба нымдуулугуна жараша өзгөрткөндүктөн салыштырмалуу нымдуулукту 30%тен 100%ке чейин аныктоо мүмкүндүгүнө негизделген. Металл алкакка тартылган кылдын чачтын узарышы шкалада жылып туруучу жебеге берилет. Плёнкалуу Г-де нымдуулук көбөйсө керилген, азайса жыйрылган (кичирейген) орг. плёнка мембрана колдонулат.