ГИДРОДИНАМИКА КАРШЫЛЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОДИНА́МИКА КАРШЫЛЫГЫ – суюктук ичиндеги кыймылдаган нерсенин каршылыгы же түтүк, канал ж. б-дын беттеринин суюктук кыймылына жасаган каршылык күчү. Кыймылсыз нерсени суюктук же газ агымы айланып агып өтсө же тескерисинче кыймылсыз суюктукта нерсе кыймылдаса, анда нерсеге аракет этүүчү бардык күчтөрдүн башкы векторунун кыймыл багытына карай түшүрүлгөн проекциясы Г. к-нын чоӊдугун берет. Ал Х=CХ 2 􀁕􀁘2 S м-н аныкталат, мында 􀁕– чөйрө тыгыздыгы, 􀁘– ылдамдык, S – нерсенин аянты, Cx коэфф. Учуучу аппараттардын Г. к аэродинамикалык каршылык деп аталат. Г. к-нын коэфф-и нерсенин формасына, кыймылдын багыты м-н окшоштук критерийине салыштырмалуу анын абалына көз каранды. Нерсенин бетинин ар бир элементине суюктуктун аракет эткен күчү нормалдуу ж-а жаныма түзүүчүлөргө, б. а. басым ж-а сүрүлүү күчтөрүнө ажырайт. Нерсенин эки чөйрөнү бөлгөн бетке жакын кыймылында толкун пайда болсо, анда толкун каршылыгы пайда болот. Түтүк, канал б-ча суюктук акса, гидравликада сүрүлүү каршылыгы ж-а жерг. гидравликалык каршылык пайда болот. Түрдүү гидротех. түзүлүштөрдү ж-а аппараттарды долбоорлоодо ж-а курууда Г. к-нын чоӊдугун аныктоонун мааниси чоӊ.