ГИДРОМОНИТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:42, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОМОНИТО́Р (гидро... ж-а англ. monitor – суу аткыч) – тоо тек, топурак, шлак ж. б. нерселерди жемирүү, уратуу, агызуу үчүн кубаттуу суу агымын жаратуучу ж-а башкаруучу аппарат. Г-дун негизги милдети – насос аркылуу берилген сууну сыртка чоӊ ылдамдык м-н аттырып, тоо тектин же топурактын казылып жаткан бөлүгүнө 0,5 атм басым м-н берип туруу. Атылып чыккан суу тоо текти же топуракты уратып, суу м-н аралаштырып, анан түтүк же ноо аркылуу агызып кетет. Колдонулушуна жараша Г. жер астындагы же жер үстүндөгү жумуштарда пайдаланылуучу, ал эми технол. жактан бургулоочу же суу м-н агызуучу болот. Г. гидротех. ж-а өнөр жай курулуштарында, кенди ачык түрдө ж-а жер алдынан казып алууда кеӊири колдонулат.