ГИДРОФОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОФО́Н (гидро... ж-а гр. Phonе – үн) – суудагы үн ж-а ультраүн термелүүлөрүн кабыл алуучу ж-а аларды электрдик термелүүлөргө өзгөртүүчү түзүлүш. Г. гидроакустикалык түзүлүштө – гидролокатордо, үн пеленгаторунда, акустикалык мина жардыргычта ж. б. түзүлүштөрдө колдонулат. Г-дун эӊ маанилүү мүнөздөмөсү – электрдик чыӊалуунун үндүк басымга болгон (мкВ/бар) катышын көрсөткөн сезгичтиги.