ГИЗА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИ́ЗА – Египеттеги шаар. Нил д-нын жээгинде, Каир ш-на жакын жайгашып, анын шаар спутниги Гиза мухафазасынын адм. борбору. Калкы 3,5 млн (2015). Жолдор тоому ж-а ири соода борбору. Тамеки, машина куруу (а. и. радиотех.), хим. жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Туризм өнүккөн. Г-нын түш.-батышында, Ливия чөлүндө пирамидалар комплекси (фараондор Хеопс, Хефрен, Микериндин ж-а Чоӊ сфинкс) сакталган. Пирамидалар жайгашкан аймак Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.