ГИПЕРБОЛА (көркөм ыкма)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИПЕ́РБОЛА – апыртып сүрөттөөгө негизделген көркөм ыкма; бир нерсенин чыныгы өзүндө жашаган белгисин апырта көрсөтүү (мис., анын акылы Ысык-Көлдөй тереӊ, Ала-Тоодой бийик). Ал ойдун курч, таасирдүү формада айтылышы үчүн керек. Г. эпикалык фольклорго, романтикалык поэзияга мүнөздүү. Көбүнчө литотанын карама-каршы түшүнүгү катары колдонулат.