ГИПЕРРЕАЛИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИПЕРРЕАЛИ́ЗМ (англ. hyperrealism – ашынган реализм) – живопись м-н скульптурадагы багыт. 1960-жылдардын ортосунда АКШда пайда болгон ж-а бөлөк өлкөлөргө кеӊири тараган. Фотографияны деталына чейин көчүрмөлөп, аны чоӊ полотнонун көлөмүнө чейин чоӊойтуу бул ыкманын негизин түзөт. Фотос үрөттөлүштүн бардык өзгөчөлүктөрүн сактап калуу м-н гиперреалисттер көчүрүүнүн мех. Ыкмаларын – диапроекцияны, масштабдык торчону, жебилге ордуна аэрографияны, даяр картинанын үстүӊкү бетин жылмалоону (шлифовка) колдонушкан. Натыйжада фотография инфраструктурасынын толук кайталанышы келип чыккан. Живопистеги Г-дин амер. ири өкүлдөрү: Дон Эдди, Ричард Эстес, Ральф Гоингс, Роберт Коттингем, Бен Шонцайт, Малколм Морли ж-а портретист Чак Клоуз. Г. скульпторлору (Жон де Андреа, Дуэйн Хэнсон) тирүү фигуралардын муляжын жасашкан, натурага окшоштуруп боёшкон ж-а даяр кийим кийгизишкен. Г-дин өзгөчө варианты 70-жылдары Эстонияда (Андо Кесккюла, Рейн Таммик, Хейти Полли), Латвияда (Миэрвалдис Полис), Россияда (А. А. Волков, А. И. Петров, Е. И. Амаспюр), Украинада (С. А. Гета, С. А. Базильев) калыптанган. Алардагы жалпылыктар заманбап турмушка болгон көз караштын күтүлбөгөн образдуу эффектин батыш Г. техникасы м-н айкалыштыруу ж-а бул максаттар үчүн живопистик ж-а графикалык каражаттарды пайдалануу болгон. Г. мындан сырткары фотореализм, муздак реализм, кескин фокустук реализм, радикалдык реализм деп да аталат.