ВЕДАНТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕД́АНТА (санскритче: сөзмө-сөз – Ведалардын акыры; дагы бир мааниси Ведалардын аяктоочу бөлүгү) Индиядагы байыркы диний-филос. ойдун кеӊири белгилүү ж-а таасирдүү системасы, индуизмдин филос. негизи. Брахман м-н атмандын төптөштүгү ж-дөгү окууну иштеп чыгышкан диний-филос. мектептердин жыйындысы. Ведалар дүйнө жарала электен мурда эле болгон, алар брахмандын деминен келип чыккан. Анын билимге, брахман билимине (брахма видьесине) жетүү бир катар шарттарды талап кылат: түбөлүк ж-а утурумдук болмуштун ортосундагы айырмаларды аӊдоо; материалдык сыйдан бул жашоодо да, келечекте да баш тартуу; анан алты сапатка ээ болуусу (рухунун калбааттыгы, топуктуулук, баарынан кечкендик, бардаштуулук, ыкыластуулук, диний ишеним) абзел. В-нын өнүгүүсүндө 3 нормативди бөлүп карашат. 1) Огожо ой жүгүртүүлөр м-н Ведалардын маӊызына түшүнүк беришкен ж-а брахман – атман, пуруша, пракрит, жняна, майя сыяктуу В-нын негизги түшүнүктөрүн чечмелеп беришкен Упанишадалар. 2) «В.-сутра» (же «Брахма-сутра») чыгармасын Бадараяна (б. з. ч. 4–3-к.) деген акылман жазган дешет. Бул мерчемдеги В-да Упанишадалардын алда канча системалуу, иреттелүү тажрыйбасына Брахмандын эӊ жогорку реалдуулугун негиздөө, анын көрүнөө дүйнө м-н жеке рухка карата мамилеси, о. эле диний сабыркоолор м-н көзгө көрүнгөн көп түрдүү жашоо формаларын жараштырып, бирдейликке жеткирүү. 3) Бул мерчемге «Брахма-сутрага» көптөгөн чечмелөөлөр ж-а В-нын андан аркы проблемаларын иштеп чыгуулар мүнөздүү. В. Индиянын бардык филос. системасында алдыӊкы ролду ойноп келди. 20-к-дын аягында индиялык да В-нын боёгу өчө элек. В-нын негизги филос. категориялары: брахман (космостук рух); атман (жекече рух); пуруша (абстракттуу рухбашат); пракрити (абстракттуу затбашат, табият); артха (маани, максат); жняна (билим); авастха (психикалык абал) ж-а майя (иллюзия, куру кыял) ж. б. Т. Абдылдабеков.