ГЛОБУЛИНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛОБУЛИНДЕР (лат. globulus – тоголок) – табиятта кеӊири таралган белоктор тобу. Туздардын, к-талардын, щелочтордун начар эритмелеринде жакшы, сууда начар эрийт; аммоний сульфатынын каныккан эритмесинде чөгөт. Өсүмдүк ж-а жаныбар ткандарында болуп, цитоплазма, кан ж-а лимфанын суюк бөлүгүнүн курамына кирет. Кан сары суусунун белогунун дээрлик жарымын Г. түзөт. Г-дин көбү жөнөкөй белоктор, айрымдары углеводдор, липиддер, нуклеин к-талары, иод (тиреоглобулин) м-н байланышкан. Организмдин иммундук касиетин (антитело) аныктайт. Кандын уюшуна (протромбин, фибриноген ж. б.) темир, жез ташууга катышат. Кандын суюк бөлүгүндө Г-ден башка альбумин белоктору кездешет. Гамма Г. дары катары колдонулат.