ГОЙЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГО́ЙЯ Франсиско Хосе де (30. 3. 1746, Фуэндетодос, Сарагосага жакын – 16. 4. 1828, Бордо, Франция) – испан живописчиси ж-а гравёр. 1760-жылдан Сарагоса ш-нда окуган, 1773-ж. Мадридде иштеген. 1776–90-жылдары королдук ишканада килем үчүн 60тан ашык панно жасаган. Г. бул чыгармаларында («Идиш сатуучу», «Мадрид базары», «Жараланган ташчы» ж. б.) ошол учурда испан иск-восуна күчтүү таасир тийгизген барокконун ыксыз салтанаттуу ж-а классицизм-

Ф. Гойя. «Кумура кармаган кыз». 19-к. Будапешт.

дин кургак салттарына демократизм духун каршы коёт. 1780-жылдардан тартып чебер портретчи катары таанылган. 1785-ж. Мадрид сүрөт академиясына вице-директор, ал эми 1795-жылдан ошол академияда живопись бөлүмүнө директор. Бул мезгилде Г. графикага өзгөчө кызыга баштаган. 1790–1800-жылдарда Г-нын портрет иск-восунун туу чокусуна жеткен мезгили болгон. «Капричос» (1797–98), «Согуш кырсыктары» (1810–20) деген атактуу офорттор сериясын жараткан. Алардын биринде испан коомунун саясий ж-а адеп-ахлактык негиздери ашкереленсе, экинчисинде наполеондук баскынчыларга каршы күрөшүп жаткан испан элинин тагдыры чагылдырылган.
Ад.: Левина И. М. Гойя. Л.; М., 1958; Прокофьев В. Н. «Капричос» Гойи. М., 1970.