ВЕЗЛЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕЗЛ́Е – Франциядагы шаар. Бургундияда, Йонна департаментинде. Калкы 0,5 миӊдей (2006). 858–859-ж. негизделген. 9–11-к-да Ыйык Магдалинага зыярат кылуучу жайга айланган. Орто кылымдагы дубал (12-к.) м-н дарбазалардын (Порт-Нёв, 14–16-к.) калдыктары сакталган. Шаардын борб. бөлүгүндө Ыйык Магдалина

Ыйык Магдалина монастырь чиркөөсү. аялдар монастыры роман чиркөөсү м-н бар. Чиркөө ансамбли м-н Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. В-ге жакын чиркөөлөр, археол. музей, сепил жайгашкан. Шаар айланасында жүзүмчүлүк өнүккөн.