ГОЛЬФ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОЛЬФ – табигый аянтта топ ж-а атайын чапкыч (бандал) м-н ойнолуучу спорт оюну. Оюндун максаты чапкыч м-н топту эӊ аз санда чаап чуӊкурчага киргизүү болуп саналат. Оюндун эрежесинде топту эки чабуу, үч чабуу, төрт чабуу, эки жолку топ, үч жолку топ, төрт жолку топ, о. эле чуӊкурчага ж-а эсепке ойноо деген түрлөрү бар. Анда оюнчу чуӊкурчага канча топ түшүрө алды же болбосо бир айланганда топту канча жолу чапты, ошого жараша жеӊишке ээ болот. Бул оюн о. кылымда Данияда пайда болуп, кийин Англияга тараган. Г. азыркы учурда көптөгөн өлкөлөрдө (АКШ, Улуу Британия, Австралия, Япония, Корея ж. б.) ойнолууда.