ГОМОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОМОЛО́ГИЯ ( гомо... ж-а ...логия) п р о е к ц и я л ы к г е о м е т р и я д а – проекциялык тегиздикти өз ара бир маанилүү проекцияга өзгөртүп түзүү; мында Г. огу кыймылсыз бойдон калат. Г-да теӊдеш өзгөртүп түзүү болуп эсептелбеген бардык тиешелүү чекиттерди туташты

руучу түз сызыктар (А ж-а А􀁣, В ж-а В􀁣) Г-нын борбору болгон S чекитинде, ал эми тиешелүү түз сызыктар (АВ ж-а А􀁣В􀁣) Г. огунда кесилишет. Эгерде S борбору Г. огунда жатпаса, анда Г. өзгөчө эмес (гиперболалык); Г. огунда жатса, анда өзгөчө (параболалык) деп аталат (к. сүрөт). Г. адатта S борбору, огу ж-а дал келүүчү А, А􀁣эки чекити м-н берилет. Г. өздүк (чектүү) борбору ж-а өздүк эмес (чексиз алыстатылган) огу м-н берилсе гомотетия, өздүк эмес борбору ж-а өздүк огу м-н берилсе параллель которуу болот. Тегиздикти ар кандай проекциялык өзгөртүп түзүү эки өзгөртүп түзүүнүн – Г-нын ж-а жылдыруунун көбөйтүндүсү болот. Г. т о п о л о г и я д а – көптүктөрдү чектөө ж-дөгү элестетилген көз карашты формалдаштыруу.