ГОПАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОПА́К (украинче гоп – бийлөө учурунда күчтүү сезим м-н айтылуучу сөз) – украин эл бийи, көбүнчө эркектер бийлейт. Г-тын ыр түрүндөгү ж-а аспаптык обондору муз. пьеса катары да аткарылат. Г. жанры көптөгөн орус ж-а украин композиторлорунун чыгармаларында пайдаланылган. Мис., Римский-Корсаков «Май түнү», Мусоргский «Сорочинцыдагы ярмарка», Чайковский «Мазепа» операларында; Соловьёв-Седойдун «Тарас Бульба», Хачатурян «Гаянэ» балеттеринде ж-а симф. чыгармаларда, камералык, вокалдык музыкада пайдаланган.