ГОРОДКИ
ГОРОДКИ́ – орус элинин улуттук спорт оюну. Бул оюнду эки жаат болуп же эки оюнчу ойнойт. Г-де оюнчу же команда кезек м-н битаны (ургуч таяк) ыргытып, цилиндр түрүндөгү жумуру таякчалардан турган фигураларды аянттан уруп чыгарат. Аз уруу м-н фигураларды аянттан чыгарган команда утушка ээ болот. Г. б-ча 1923-ж. бирдиктүү эреже иштелип, төмөнкүдөй негизги өлчөмдөр аныкталган: аянтча (шаар) –2 м х 2 м, ыргытылуучу орунга карата аралыгы – алыскы (ат) 13 м; жакынкы (жарым ат) 6,5 м; шарчанын уз. 20 см, диаметри 4,5–5 см; битанын уз. 1 мден ашпайт. Бир партия 15 ар кандай фигуралардан турат. Кырг-нда Г. б-ча көптөгөн секциялар иштеген ж-а спорт чеберлери чыккан.