ВЕКСЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

В́ЕКСЛЕР Владимир Иосифович [19. 2(4.3). 1907, Житомир – 22. 9. 966, Москва] – орус физиги, СССР ИАнын академиги (1958; корр. мүчө, 1946). Москва энергетика ин-тун (1931) бүткөн. 1936-жылдан СССР ИАнын П. Н. Лебедев атн. Физика ин-тунда ж-а 1949-жылдан Дубнадагы Ядролук изилдөөлөрдүн кошмо ин-тунда да иштеген. 1963-жылдан СССР ИАнын Ядролук физика бөлүмүнүн академик-секретары. В. – рентген нурларынын физикасы, космостук радиация ж-а ылдамдаткычтар б-ча ири адис. Анын жетекчилиги м-н Дубнада протондук синхротрон (1947) ж-а синхрофазотрон (1957) ишке киргизилген. Заряддуу бөлүкчөлөрдү ылдамдатуунун физикасы ж-а техникасы б-ча ил. мектепти негиздеген. Ал Ленин (1959) ж-а СССР мамл. сыйл. (1951) лауреаты. 1963-ж. эл аралык «Атом – тынчтыкка» сыйл. татыктуу болгон. Үч Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.