ГРАВИТАЦИЯ
ГРАВИТА́ЦИЯ (лат. gravitas – оордук) – Ааламдагы бардык объектилерге аракет эткен нерселердин өз ара тартылышы. Ньютондун бүткүл дүйнөлүк тартылуу закону б-ча бардык нерселер массасына пропорциялаш ж-а алардын арасындагы аралыктын квадратына тескери пропорциялаш күч м-н тартылышат, к. Тартылуу.