ВАВИЛОН ТУТКУНУ
ВАВИЛО́Н ТУТКУНУ – байыркы еврейлердин тарыхындагы б. з. ч. 586-жылдан 539-ж. чейинки мезгил. Вавилон падышасы Навуходоносор II Иерусалимди ээлегенден кийин, еврейлердин бир бөлүгүн күч м-н Вавилонияга көчүрүп, туткундар ар кайсы аймактарга чачыранды отурукташтырылган. Алар бат эле жерг. элдердин арасына сиӊип кетишип, еврей диаспоралары негизинен соода ж-а кол өнөрчүлүк м-н алектенишкен. Б. з. ч. 539-ж. Вавилония перс падышасы Кир II тарабынан басып алынып, еврейлерге өз мекенине кайтууга уруксат берилгендигине карабастан, алардын көпчүлүгү кайтпай калган.