ВАДОДАРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:58, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАДО́ДАРА (мурунку Б а р о д а) – Индиянын батышындагы шаар, Гужарат штатында. Калкы 2,1 млн (2019). Жолдор тоому. Аэропорту бар. Барода княздыгынын мурунку борбору. Ун-т, музей, сүрөт гал., Лакшми-Вилас сарайы ж. б. бар. Хим., металл иштетүү, фармацевтика, цемент, электр-тех., машина куруу (трактор з-ду) өнөр жайлары бар. В-га жакын Коялиде ири нефть ажыратуучу з-д иштейт.