ВАЗАРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:58, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЗА́РИ (Vasari) Жоржо (30. 7. 1511, Ареццо – 27. 6. 1574, Флоренция) – итал. архитектор, живописчи ж-а иск-во тарыхчысы. Микеланжелонун окуучусу. Флоренцияда Медичи герцогдугунда ак сарай чебери болгон (1562-ж. сүрөт академиясын уюштурган). Римде, Болоньяда, Ве-

Ж. Вазари ж-а Б. Буонталенти. Флоренциядагы Уффици имаратынын түштүк жагындагы арка. 1580–85-ж. нецияда, Неаполдо ж. б. ш-ларда иштеген. Ренессанс зодчийлигинин элементтери м-н маньеризм арх-расын айкалыштырган: менчик үй (1542; Вазари музейи ж-а Ареццодо Палаццо деи-Кавалери (1573–81), Пизеде Сан-Стефано-деи-Кавальери (1565–69) чиркөөсү. В. арх. Б. Буонталенти м-н бирдикте Флоренцияда Уффуци арх-ралык ансамблин түзгөн (1560–85; азыр музей). Анын фрескалары («Павел III папанын тарыхы» цикли, римдеги Палаццо Канчеллерияда, 1546, ж. б.) иллюстрациялуулугу м-н баалуу. Итал. иск-вонун алгачкы тарыхчысы катары «Эӊ атактуу живописчилердин, скульпторлордун жана зодчийлердин өмүр баяны» китебинин автору (1950, 1968).