ВАЛДАЙ ДӨӉСӨӨСҮ
ВАЛДА́Й ДӨӉСӨӨСҮ В а л д а й Россиянын европ. бөлүгүнүн түн.-батыш бөлүгүндө. Волга, Батыш Двина д-нын жогорку агымдарынын ж-а Ильмень көлүнүн алабындагы дарыялардын суу бөлгүчү. Уз. 600 кмден ашык. Бийикт. 346 мге чейин. Мореналуу күдүрлүү рельеф басымдуу (Тихвин жалчасы, Вепса дөӊсөөсү). Көлдөрү көп, ирилери Селигер, Валдай. Ландшафтын коргоо ж-а аны рекреацияда пайдалануу максатында Борб. токой коругу, Валдай улуттук паркы уюшулган.