ВАЛДАЙ ДӨӉСӨӨСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:40, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛДА́Й ДӨӉСӨӨСҮ, В а л д а й Россиянын европ. бөлүгүнүн түн.-батыш бөлүгүндө. Волга, Батыш Двина д-нын жогорку агымдарынын ж-а Ильмень көлүнүн алабындагы дарыялардын суу бөлгүчү. Уз. 600 кмден ашык. Бийикт. 346 мге чейин. Мореналуу күдүрлүү рельеф басымдуу (Тихвин жалчасы, Вепса дөӊсөөсү). Көлдөрү көп, ирилери Селигер, Валдай. Ландшафтын коргоо ж-а аны рекреацияда пайдалануу максатында Борб. токой коругу, Валдай улуттук паркы уюшулган.