ВАЛЕНСИЯ (Венесуэладагы шаар)
ВАЛЕ́НСИЯ 1 – Венесуэланын түн. бөлүгүндөгү шаар, Карабобо штатынын адм. борбору. Калкы 1,42 млн (2006; агломерациясы м-н 1,8 млн); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 3-шаар. Валенсия көлүнүн батыш жээгине жакын жайгашкан. Пуэрто-Кабельо (Кариб деӊизи) порту ж-а Каракас ш. м-н темир жол аркылуу байланышат. Аэропорту бар. 1555-ж. негизделип, Валенсия провинциясынын атынан аталган. Арх-ра эстеликтери: собор (1813–49), көпүрө (1819–19). Ун-т борб. китепканасы м-н иштейт. Иштетүүчү өнөр жайдын Каракастан кийинки 2-борбору. Венесуэланын ири индустриялуу зонасына (Каракас – Маракай – В.) кирет. Өлкөдөгү автомобиль куруунун башкы борбору («Даймлер–Крайслер», «Форд мотор», «Женерал моторс», «Рено» компанияларынын филиалдары). Тамак-аш, жеӊил (текстиль, булгаары-бут кийим), хим., (фармацевтика), нефть-хим. (жасалма каучук, резина-тех.), цемент, айнек ж-а целлюлоза-кагаз өнөр жайлары бар.