ВАЛЮТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:58, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЮ́ТА (англ. currency) – 1) бир мамлекеттин акча бирдиги ж-а анын түрү (алтын‚ күмүш‚ кагаз); 2) эл аралык эсептешүүлөрдө колдонулуучу чет мамлекеттердин акча белгилери (чет өлкөлүк В.); улуттар аралык эсеп бирдиктери ж-а төлөм каражаттары (CДР‚ ЭКЮ ж. б.). Пайдалануу режимине жараша В. өтүмдүү (чет өлкөлүк башка В-га эркин ж-а чексиз алмашылуучу)‚ жарым-жартылай өтүмдүү (жарым-жартылай алмашылма)‚ б. а. бардык В. Операциялары же бардык эле ээлик кылуучулар үчүн эмес; өтүмсүз (алмашылбоочу‚ бирикпеген)‚ бир өлкөнүн чегинде иштеген деп бөлүнөт.