ВАЛЮТАЛЫК ЧЕКТӨӨЛӨР
ВАЛЮТАЛЫК ЧЕКТӨӨЛӨР – чет өлкөлүк валютада нормаланган чет өлкөлүк валюта‚ алтын ж-а баалуу кагаздар м-н операцияларды‚ биринчи кезекте чет өлкөлүк валютада төлөмдөрдү‚ валюталарды чет мамлекетке которууну‚ чет өлкөлүк валютаны сатып алуу-сатууну жөнгө салуучу нормалар. В. ч. төлөм балансынын тартыштыгын кыскартуу максатында пайдаланылат.