ВАНАДИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:59, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАНА́ДИЙ (Vanadium), V – элементтердин мезгилдик системасынын V тобундагы хим. элемент; ат. н. 23, ат. м. 50,942; табиятта эки изотоптон 50V ж-а 51V турат, Жер кыртышында массасы б-ча 0,015%. Күмүш түстүү жумшак металл, эрүү t 1900±25°С, кайноо t 3400°С, тыгызд. 6,11 г/см3. Сууда, минерал туздардын, щелочтордун эритмелеринде, туз к-тасында туруктуу. Плавик к-тасында, концент. азот ж-а күкүрт к-таларында, «падыша арагында» жакшы эрийт. 700°Сде азоттун агымында ысытканда В. нитриди (VN) пайда болот. Жер кыртышында темир м-н бирге сейрек кездешет. Бирикмелеринде 2, 3, 4, 5 валенттүү. Кычкылтек м-н В. оксиддерин – VО, V2О3, VО2, V2О5 пайда кылат. Булардын ичинен негизгиси – V2О5. Ал – кызыл-саргыч түстөгү кристалл. Диамагнетик жарым өткөргүч. Алар айнек, фарфор, феррованадий ж-а күкүрт к-тасын алууда колдонулат; В. к-тасынын туздары ванадаттар деп аталат. Хлор м-н бир нече хлориддерди берет (маанилүүсү VCl3); күкүрт м-н сульфиддерди (VS, V2S3, V2S5), көмүртек м-н карбиддерди пайда кылат. В. карбиддери (VС ж-а V2С) – боз түстөгү өтө катуу заттар; монокарбиди (VС) – жогорку темп-рада (2800°С) б. эрүүчү, бекем, металл сымал жалтырак кристалл. Ал авиация ж-а атом өнөр жайында колдонулат. В. кенташынын концентратын к-та ж-а жегичтер м-н иштетүү, В-лүү темир кенташын домнада эритүү, оксиддери м-н галогениддерин калыбына келтирүү ж. б. жолдор м-н алынат. В-дин бирикмелери – уу заттар. Ал негизинен металлургияда аспап ж-а констр. болотторду алууда, ядро техникасында колдонулат.