ВАНАДИНИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:40, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАНАДИН ИТ – ванадаттар классындагы минерал. Хим. формуласы Pb5(VO4)3Cl. Гексагон сингониясында кристаллданат. Өӊү сары, күрөӊ, кээде кызыл, алмаз сымал жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 2,75–3. С. салм. 6,66–7,23. В. коргошун-цинктүү сульфид кендеринин кычкылдануу зонасында пайда болот. В-тен ванадий металлы алынат.