ВАН ДЕЙК
ВАН ДЕЙК Антонис (22.3.1599, Антверпен – 9.12.1641, Лондон) – фламанд живописчиси. 1615–16-ж. менчик өнөрканага ээ болуп, жаш сүрөтчүлөр м-н бирге «Апостолдордун баштары» аттуу серияны жараткан. 1618–20-ж. П. П. Рубенске жардамчы болуп, андан чеберчиликти үйрөнгөн. В. Д. диний-мифол. темада «Ыйык Пётрдун жаза тартышы» (1615–17-ж. чен, Брюссель, Эски иск-во музейи), «Юпитер менен Антиопа» (1617–18-ж. чен, Гент, көркөм иск-во музейи) деген сүрөттөрдү тарткан. 1621-жылдан Италияда жашап, Рим, Венеция, Генуянын сүрөт өнөрү м-н таанышкан. Анын чыг-лыгында Генуяда тарткан портреттери маанилүү

1635. Лувр (Париж).
орун ээлейт. Рубенс мектебинин тажрыйбасы м-н Венеция сүрөт өнөрүнүн алдыӊкы салттарын чебер айкалыштыра алган. Буга «Мадонна дель Розарио» (1624, Палермо), «Египетке барчу жолдогу эс алуу» (1620, Мюнхен) ж. б. сүрөттөрү мисал. 1632-ж. Карл Iнин чакыруусу м-н Англияга келип, ак сарай сүрөтчүсү болгон. Королдун көп сандаган портреттерин («Карл I мергенчиликте», 1635, Лувр, Париж), анын үй-бүлөсүнүн сүрөттөрүн («Карл Iнин балдары», 1637, Виндзор замогу) тарткан. В. Д. чыг-лыгы портрет живописинин улуттук Англия мектебинин калыптанышына ж-а 17–19-к-дагы европа портрет иск-восуна чоӊ таасир эткен.