ВАРИКАП
ВАРИКА́П [англ. vari (able) – өзгөрмөлүү ж-а cap (acity) – сыйымдуулук] – сыйымд. берилген чыӊалууга көз каранды болгон жарым өткөргүчтүү диод. Германий, кремний, галий арсениди ж. б-дын негизинде жасалат. Радиоэлектрондук түзүлмөлөрдө термелүү контурунун жогорку жыштыгын түзөтүүдө, жыштыкты жогорулатуу, параметрдик күчөтүү үчүн өзгөрмө сыйымд-ту алуу ж. б-да башкарылуучу конденсатор катары колдонулат.