ВЕЛЬЯМИНОВ-ЗЕРНОВ
ВЕЛЬЯМ́ИНОВ-ЗЕРН́ОВ Владимир Владимирович [31.10(12.11).1830, Санкт-Петербург – 17(30). 1. 1904, Киев] – орус окумуштуусу, чыгыш таануучу, этнограф, археолог, лингвист. Россия ИАнын академиги (1861). Санкт-Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү (1890). 1857-жылдан Орус археол. коомунун анык мүчөсү, 1858–67-ж. чейин Орус археол. коомунун Чыгыш бөлүмүнүн секретары. 1858-жылдагы Россия ИАнын Азия элдеринин ад-ты ж-а тарыхы б-ча экстраординардык академиги. 1886-ж. Санкт-Петербург ун-тинин совети ага түрк-татар тилдери б-ча илимдин доктору даражасын ыйгарат. Анын эмгектеринин ичинде «Касым хандары жана ханзаадалары жөнүндө изилдөө», «Чагатай-түрк сөздүгү», «Крым хандыгынын тарыхы үчүн ИИМдин Москвалык башкы архивинен алынган материалдар» ж. б. фундаменталдуу эмгектери бар.