ВАРМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:40, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАРМЕ́ТР – өзгөрмө токтун электр тизмегиндеги реактивдүү кубаттуулукту өлчөөчү прибор: кубаттуулук Q=UIsin формуласы м-н берилет, мында U – чыӊалуу, I – электр тогунун күчү,  алардын ортосундагы фазалардын жылышуу бурчу. Негизинен өнөр жайлык жыштыктагы (50 Гц) үч фазалуу өзгөрмө ток тизмегинде колдонулат ж-а ваттметрдей схемада туташтырылат. В-дин негизин электр ченегич механизм (адатта электр-динамикалык же ферродинамикалык система) ж-а В-дин көрсөтүүсүнүн sinj чоӊдугуна пропорциялуулугун камсыз кылуучу электр схемасы түзөт.