ВАРРОАТОЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:40, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАРРОАТО́З, в а р р о о з (Varroatosis, Varroosis) – аарынын ж-а анын төлүнүн (личинка, куурчакча) жугуштуу ылаӊы. Гамаз тукумундагы кенелер козгойт. Кенелер капкакчасы бекитилген ячейкадагы аары төлүндө өсүп жетилет, андан соӊ трутендин ж-а эне аарынын денесине өтөт. Ылаӊдын таралышына аары багууда вет.-санит. эрежелердин бузулушу ыӊгайлуу шарт түзөт. Ылаӊды илдеттүү аары, алардын калдыктары жуктурат. Аары денесине кенелер көп жабышып, канын (гемолимфасын) соргондуктан, учалбай калат, о. эле аары башка ылаӊдар м-н да көп ылаӊдайт. Жай–күз мезгилинде аары денесиндеги гемолимфанын өлчөмү азайып, зат айлануусу бузулат. Гемолимфада уу заттар көбөйгөндүктөн, аарылар өлүмгө дуушарланат. Диагнозу аарынын денесиндеги кенелердин санына жараша коюлат. Кенени көрүп же лупа м-н карап ырастайт. Мителер аз болгон учурда аарынын уюгун фенотиазин ж. б. дарылардын түтүнү м-н ыштап, кенени табат. Д а р ы л о о. Күзүндө аарыларды фенотиазиндин түтүнү м-н үч күн бою ыштайт (бир жолку ыштоого 1,5 г), фольбекс (2 кагаз тасма), нафталин (2 –3,0 г) же атайын аппаратка аарыларды чогултуп салып, 46–48 градуста 10–12 мин кармайт. Андан тышкары бипин, варропол, апистан (флуметрин), габон (акринатрин), суюк перицин, фольбекс ВА (акпин, неорон), тимол ж. б. жаӊы дарылар колдонулат. Кенелерге каршы колдонулуучу дары-дармектерди пайдаланганда инструкциясын, өздүк гигиенаны так сактоо керек. Ылаӊдын алдын алуу үчүн карантиндик ж-а вет.-санит. иш чараларды так сактоо зарыл.
Д. Раимбеков.