ВАШИНГТОН КЕЛИШИМИ (1867)
ВА́ШИНГТОН КЕЛИШИМИ (1867) – Россия империясы м-н АКШнын ортосундагы Россиянын Түн. Америкадагы колонияларын Америкага сатуу ж-дӨ келишими. 18(30)-мартта Вашингтондо кол коюлган. Бул идея алгач 1850-ж. амер. тараптан көтөрүлгөн. 1860-ж. улуу князь Константин Николаевич жетектеген россиялык мамл. ишмерлердин тобу (А. М. Горчаков, М. Х. Рейтерн) Түн.-Америкадагы жерлердин Россия үчүн анча пайдасы жок экендиги ж-а АКШ м-н мамилелерди бекемдөө зарылчылыгын белгилешкен. Жерлерди сатуунун жактоочулары аймактын алыстыгынан улам, аны коргоо мүмкүн эместигин, андагы Россия-Америка компаниясынын чыгаша тартып жаткандыгын далил келтиришкен. 1866-ж. орус өкмөтү колонияларды АКШга берүү тууралуу чечим кабыл алган. 1867-ж. мартта Россиянын Түн. Америкадагы колонияларын АКШга 7 млн долларга сатуу тууралуу жашыруун сүйлөшүүлөр болуп өткөн. В. к-не ылайык Россия АКШга жалпы аянты 1519 км2 түзгөн Түн. Америкадагы бардык жерлерин берген, а. и. Аляска ж. а. ж-а ага жанаша жаткан аралдар өткөн, Россия андан аскерлери м-н флотун чыгарып кеткен. АКШ Россияга ал жерлер үчүн 7,2 млн доллар (алтын м-н) төлөп берген. Эки мамлекет ортосундагы чек ара Беринг кысыгы ж-а Беринг деӊизи аркылуу белгиленген. Жерг. калк АКШнын юрисдикциясына өтүп, калгандары 3 жыл ичинде Россияга кетүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. В. к-не 1867-ж. 3(15)-майда император Александр II, 28-майда АКШ президенти кол койгон.
Ад.: Болховитинов Н. Н. Русско-американские отношения и продажа Аляски. 1834–1867. М., 1990.